Бишкек, 14.04.26. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында курулуш индустриясынын 23-эл аралык адистештирилген KyrgyzBuild 2026 көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.
Көргөзмө 14-16-апрель күндөрү өтүп, курулуш тармагы, архитектура, интерьер дизайны жана ага байланышкан багыттардын алдыңкы өкүлдөрүн бириктирет.
Иш-чаранын алкагында заманбап курулуш материалдары, инновациялык технологиялар, инженердик чечимдер, ошондой эле архитектура жана интерьер дизайны жаатындагы актуалдуу тенденциялар көрсөтүлөт.
KyrgyzBuild 2026 көргөзмөсүн өткөрүү эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, кесиптик тажрыйба алмашууга жана Кыргызстандын курулуш секторуна инвестиция тартууга өбөлгө түзөт.
Көргөзмө жыл сайын өткөрүлүп, дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген 120дан ашык компанияны бириктирет, бул өлкөнүн курулуш тармагын өнүктүрүүгө эл аралык бизнес коомчулугунун кызыгуусу жогору экендигин тастыктайт.