Бишкекте “Кыргыз тилинин улуттук корпусун” түзүүгө расмий старт берилди

Коом Загрузка... 12 Декабрь 2025 17:01
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.12.25 /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Улуттук илимдер академиясында мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган “Кыргыз тилинин улуттук корпусун” түзүүгө расмий старт берилди.

Иш-чара 12-декабрь - Улуттук адабият күнүнө карата уюштурулуп, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, академиялык чөйрөнүн жана ЖОЖдордун окутуучулары катышты.

“Кыргыз тилинин улуттук корпусу” - тилдик материалдарды иреттөө, сактоо жана санарип мейкиндикке чыгаруу аркылуу мамлекеттик тилди изилдөөдө, үйрөтүүдө, санариптик технологияларда жана жасалма интеллектте кеңири колдонулушуна шарт түзө турган негизги улуттук ресурс болуп саналат.

Платформа президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашырылып, долбоор мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана заманбап технологияларга интеграциялоо багытында маанилүү кадам.