Бишкекте кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоо маселеси талкууланды

Саясат Загрузка... 01 Июнь 2026 18:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнда Бишкекте мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Кытайдын Улуттар иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Чень Жуйфэн жетектеген делегация менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар кыргыз-кытай стратегиялык өнөктөштүгүнүн учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.

Арслан Койчиев Кыргызстан Кытай менен болгон достук, жакшы коңшулук жана өз ара ишенимге негизделген мамилелерге өзгөчө маани берерин белгилеп, эки өлкөнүн кызматташтыгы бардык багыттар боюнча ырааттуу өнүгүп жатканын белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара ишенимди жана достук мамилелерди мындан ары чыңдоонун, ошондой эле этностор аралык саясат, коомдук ынтымак жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.