Бишкектеги Кыргыз көчөсү 4 тилке болуп кеңейип, реконструкцияланат

Коом Загрузка... 17 Июнь 2026 10:20
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Саадаев көчөсүнөн Түндүк айланма жолуна чейинки тилкедеги Кыргыз көчөсүн реконструкциялоо боюнча даярдык иштери менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, узундугу 4,1 чакырымды түзгөн Кыргыз көчөсү реконструкцияланып, өтүүчү бөлүгү төрт тилкеге чейин кеңейтилет. Жолдун туурасы 16 метрди түзөт. Ошондой эле эки тарабына тротуар куруу, ирригациялык тутумду орнотуу жана иштеп жаткан көпүрөнү кеңейтүү каралган.

Текшерүү учурунда калаа башчысы подряддык уюмга курулуш-монтаждоо иштерин сапаттуу жана ыкчам аткарууну, ошондой эле долбоорду ишке ашыруунун бекитилген мөөнөттөрүн так сактоону тапшырды.