Бишкекте курулуш талаптарын бузган компанияга 200 миң сом айып салынды

Коом 23 февраля 2026 16:00
641586900_1421828259416219_6218580981687312556_n.jpg
641575589_1421828266082885_305568132203329717_n.jpg
Алдыга
Артка
641586900_1421828259416219_6218580981687312556_n.jpg
641575589_1421828266082885_305568132203329717_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 23.02.26. /Кабар/. Бишкек шаарында курулуш объектисинде техникалык коопсуздук эрежелерин бузган факты аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Текшерүүдө Көк-Жар айылынын Мадиев көчөсү, 9 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак жайдын курулушунда бир катар кемчиликтер табылган.

Тактап айтканда, 9 кабаттуу турак жай имаратына кошо курулуп жаткан объектиде жана жер алдындагы унаа токтотуучу жайдын курулушунда техникалык коопсуздук эрежелери жана эмгекти коргоо талаптары одоно бузулгандыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан "Аурум Билдинг" ЖЧКсына карата акт түзүлүп, жазуу түрүндө эскертүү берилди. Ошондой эле Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, компанияга 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.