Бишкек, 08.02.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы курулуш компанияларын шаарды көрктөндүрүү эрежелерин так жана милдеттүү түрдө сактоого чакырды.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин 2024-жылдын 29-августундагы №150 токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү эрежелеринин 172-пунктуна ылайык, курулуш объектилеринен чыгып жаткан автотранспорт каражаттары үчүн дөңгөлөктөрдү тазалоо (жуу) пункттары милдеттүү түрдө орнотулушу керек. Бул талап бардык курулуш объектилери үчүн милдеттүү болуп саналат.
Аталган талаптардын сакталбашы жол бөлүгүнө ылай жана топурактын чыгышына алып келип, жол кыймылынын коопсуздугуна жана шаардык инфраструктуранын абалына терс таасирин тийгизери белгиленет.
Ушуга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясына курулуш объектилеринде көрктөндүрүү эрежелеринин сакталышын туруктуу көзөмөлгө алуу жана мыйзам бузуулар аныкталган учурда тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.
Курулуш компаниялары төмөнкү талаптарды камсыз кылууга милдеттүү:
- курулуш объектилеринен чыгып жаткан бардык автотранспорт каражаттары үчүн дөңгөлөктөрдү жуу (тазалоо) пункттарын орнотуу жана алардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу;
- курулуш аянтчаларынан ылайдын жана топурактын сыртка чыгышына жол бербөө;
- курулуш объектилерине чектеш аймакты 15 метр радиуста өз убагында тазалоо.
Белгиленген талаптар аткарылбаган учурда Муниципалдык инспекция тарабынан мыйзам бузуучуларга Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.
Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаадагы тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу менчик формасына карабастан, шаар аймагында иш алып барган бардык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын түздөн-түз жоопкерчилиги экенин эскертти.