Бишкекте курулуп жаткан жаңы стадион “Азаттык Арена”, ал эми конгресс-холл “Ырыс Ордо” деп аталды

Коом Загрузка... 14 Октябрь 2025 21:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 14.10.25 /Кабар/. Бүгүн, 14-октябрда борбор калаада ШКУ саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык боюнча уюштуруу комитетинин экинчи жыйыны өтүп, ага президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев төрагалык кылды.

Президенттин Иш башкармалыгынан билдиришкендей, жыйында Бишкекте курулуп жаткан эки ири объект расмий аталыштарына ээ болду.

"Жаңы курулуп жаткан, 51 миң орундуу стадион “Азаттык Арена”, ал эми заманбап конгресс-холл “Ырыс Ордо” деп аталат. Объектилердин аталышын урматтуу президентибиз менен кеңешип, талкуулагандан кийин чечтик", – деди Туманбаев.

Каныбек Туманбаев бул чечимди өлкө тарыхындагы маанилүү окуя катары баалап, мындай масштабдуу долбоорлор биринчи жолу ишке ашып жатканын белгиледи.

Анын айтымында, бул курулуштар эркиндикти, берекени жана жаңыланууну чагылдырган символ болуп, Кыргызстанды эл аралык аренада таанытууга өбөлгө түзөт.