Бишкекте Кореянын KOTRA агенттигинин филиалы ачылат

Экономика 12 Май 2026 18:25
696755372_1390355579777463_2803648915396116099_n.jpg
695178244_1390355583110796_3393094280972420731_n.jpg
699241832_1390355573110797_3099509731805263121_n.jpg
699355223_1390355576444130_4288955994003424150_n.jpg
Алдыга
Артка
696755372_1390355579777463_2803648915396116099_n.jpg
695178244_1390355583110796_3393094280972420731_n.jpg
699241832_1390355573110797_3099509731805263121_n.jpg
699355223_1390355576444130_4288955994003424150_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Соода-өнөр жай палатасы

Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. Бүгүн Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев Түштүк Кореянын соода-инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттигинин (KOTRA) аймактык директору Хон Ду Ён менен жолукту.

Мекемеден билдиришкендей, жолугушууда тараптар кыргыз-корея соода-экономикалык кызматташтыгынын келечектүү багыттарын, ишкердик байланыштарды өнүктүрүүнү жана эки өлкөнүн бизнес коомчулугунун өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүүнү талкуулашты.

Бул жолугушуу KOTRAнын жаңы аймактык директору үчүн палатанын ишмердүүлүгү менен таанышып, инвестицияларды тартуу жана ишкердикти колдоо боюнча биргелешкен демилгелерди талкуулоо үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк болгону белгиленди.

2026-жылдын экинчи жарымына пландаштырылган KOTRAнын Бишкек филиалынын ачылышына өзгөчө көңүл бурулду. Өкүлчүлүктүн ачылышы Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоодо, бизнес, инвестиция жана биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө маанилүү кадам болот деп күтүлүүдө.

Маалымат үчүн: KOTRA (Кореянын соода-инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиги) 1962-жылы Корея менен башка өлкөлөрдүн ортосундагы сооданы жана инвестицияны өнүктүрүү максатында түзүлгөн Кореянын мамлекеттик мекемеси.