Бишкекте "Коопсуз үй-бүлө – коопсуз өлкө" форуму өттү

Коом Загрузка... 15 Июнь 2026 17:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Коопсуз үй-бүлө – коопсуз өлкө" форуму болуп өттү.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, иш-чара үй-бүлө институтун бекемдөө, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана балдардын укуктарын коргоо маселелерине арналган.

Форумдун катышуучулары үчүн театрлаштырылган оюн-зоок, аудитория үчүн "Kahoot" интерактивдүү оюну жана позитивдүү ата-эне болуу, үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоо маселелерин чагылдырган видеоролик камтылган программа тартууланды.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев мамлекеттин коопсуздугу ар бир үй-бүлөнүн бакубаттуулугунан башталарын белгиледи.

“Коопсуз үй-бүлө – коопсуз өлкө” форумунун аталышында терең маани камтылган. Анткени мамлекеттин коопсуздугу жана туруктуулугу ар бир үй-бүлөнүн бакубат жашоосунан, ар бир үйдүн тынчтыгынан, ар бир баланын жылмаюусунан жана ар бир аялдын корголушунан башталат. Үй-бүлөдө ынтымак болбосо, өлкөдө да туруктуулук болушу мүмкүн эмес", — деп белгиледи калаа башчысы.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар ведомстволор аралык кызматташтыкты мындан ары чыңдоого жана ар бир бала жана ар бир үй-бүлө үчүн коопсуз чөйрөнү түзүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга болгон милдеттенмелерин билдиришти.