Бишкекте көмөк чордондордун кубаттуулугу жогорулатылууда

Коом 305 22 Июнь 2026 10:35
729603502_1051429034046319_3260457532630960101_n.jpg
727465411_1713028733453932_95731721571681924_n.jpg
727466420_3398377606998445_7750377639380338104_n.jpg
728196321_1046443811287137_6972346718133115808_n.jpg
728225814_1050590924157523_7193914496550724850_n.jpg
728463264_2522231051530204_4098981043423680502_n.jpg
728637837_1339186134986549_7062332964837013128_n.jpg
728664206_1819035396137080_3082968358735044791_n.jpg
728912126_1722618155758942_6291213573519888337_n.jpg
728951590_1549992356731510_2966788171234782186_n.jpg
728984457_1311407281060402_4337514710694634938_n.jpg
729692444_873241471971155_2135402077193387398_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек ЭТИ

Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Энергетика министрлиги тарифтерден түшкөн каражаттын эсебинен борбор калаанын электр инфраструктурасын кызуу жаңылоодо.

Бишкек электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, шаардын өсүп жаткан муктаждыгын камсыздоо үчүн үч ири көмөк чордондо кубаттуулукту жогорулатуу иштери жүрүүдө:

  • "Кыргызская" көмөк чордону (даярдыгы 70%): 40 МВА кубаттуулуктагы жаңы трансформатор орнотулууда. Натыйжада Бишкектин түштүк тарабын электр менен камсыздоо жакшырып, жаңы абоненттерди кошууга жол ачылат.
  • "Мурас" көмөк чордону (даярдыгы 80%): Бул жерге да 40 МВА кубаттуулуктагы трансформатор коюлууда. Ал "Бишкек Арена" стадионун, "Евразия Парк" комплексин жана Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан жаңы турак жайларды ишенимдүү электр энергиясы менен камсыздайт.
  • "Кызыл-Аскер" көмөк чордону (иштер аяктады): Эски 25 МВАлык трансформатор күчтүүрөөк 40 МВАлык жаңы жабдыкка ийгиликтүү алмаштырылды.