Бишкекте Киев жана Токтогул көчөлөрү кайрадан бир тараптуу болот

Коом Загрузка... 23 Декабрь 2025 14:35
1766478416_large.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 23.12.25. /Кабар/. Бишкекте Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн Ибраимов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгүндө бир тараптуу жол кыймылы уюштурулат. Бул тууралуу мэрия билдирет.

Маалыматка ылайык, жакынкы күндөрү “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы бардык зарыл болгон жол белгилерин орнотот.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторун өзгөрүүлөргө түшүнүү менен мамиле жасап, жолдо этият болууга жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.