Бишкек, 12.04.26. /Кабар/. Бишкекте Keshte ата мекендик брендинин “Жан дүйнө жана жаратылыш” аталышындагы мода көргөзмөсү өттү.
Keshte — кыргыз улуттук кийимин терең изилдөөгө негизделген жана аны заманбап мода ритмине ийгиликтүү ылайыкташтырган этно-бренд. Бренд Милан, Берлин жана Кытайдагы эл аралык мода жумалыктарынын катышуучусу болуп саналат. Коллекциялар Чыгыш менен Батыштын эстетикасын айкалыштырып, эл аралык подиумдарда сунушталып келет.
Иш-чаранын алкагында бренддин негиздөөчүсү, арт-директору жана башкы дизайнери Назгүл Каарованын эмгегине таандык, төрт тематикалык бөлүктөн турган заманбап этно-кийимдер топтому тартууланды: “Теңиз жүрөк”, “Тоо үнү”, “Гүл бакча” жана “Жер деми”.
Көргөзмө Кыргызстандын табиятын жана адамдын жан дүйнөсүнүн сулуулугун чагылдыруу максатында даярдалган.
Маалыматтык өнөктөш — Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги. 1937-жылы негизделген агенттик — Кыргызстандын мамлекеттик маалымат каражаты жана өлкөдөгү, Борбор Азиядагы окуялар боюнча расмий маалымат булагы болуп саналат. Агенттиктин жаңылыктары кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жарыяланып, кеңири эл аралык чагылдырууну камсыз кылат.