Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Бишкектеги Республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасында "Көчмөндөр санаты" эл аралык салттуу музыка фестивалынын концепциясынын бет ачары өттү. ФестивальVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтөт.
Иш-чаранын башкы режиссеру Элбий Эдилбеков долбоордун негизги миссиясы көчмөн элдердин салттуу маданиятын, искусствосун жана музыкалык мурасын сактоо, изилдөө, жайылтуу жана өнүктүрүү болуп саналарын билдирди.
Анын айтымында, фестивалдын программасы үч багыт боюнча түзүлөт: илимий, чыгармачыл-профессионалдык жана маданий-агартуучулук.
"Фестиваль сынактардын гана аянтчасы болбостон, кесипкөй диалог жүргүзүү, тажрыйба алмашуу жана ар кыл элдердин маданий салттары менен таанышуу мейкиндигине айланат", – деди ал.

Сынактын программасы үч номинацияны камтыйт: айтуучулук искусствосу, аспаптык аткаруучулук жана вокалдык-аспаптык искусство.
Ошондой эле мында коноктор үчүн күн сайын мастер-класстар, концерттик программалар, чыгармачылык жолугушуулар жана башка маданий иш-чаралар уюштурулат. Фестивалдын башкы аянтчасы Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух-Ордо" маданий борбору болот, ал жерде өзүнчө программалары бар сегиз тематикалык локация иш алып барат.
Фестиваль 2-сентябрдан 5-сентябрга чейин өтөт. Бул күндөрү комплекстин аймагында көргөзмөлөр, этномаданий аянтчалар, концерттик сахналар жана катышуучулар менен коноктордун баарлашуусу үчүн атайын аянтчалар уюштурулат.
"Фестивалдын өзгөчөлүктөрүнүн бири – үн жаздыруучу студия жана подкаст-мейкиндиги болмокчу. Бул жерде катышуучулар жана коноктор өздөрүнүн аңгемелерин, чыгармаларын жана музыкалык аткарууларын жаздыра алышат, алар кийинчерээк фестивалдын архивине кирет", - деди ал.
Ошондой эле ар кайсы өлкөлөрдүн аткаруучуларын бириктирген музыкалык инсталляциялар жана чыгармачылык сессиялар пландаштырылууда. Уюштуруучулардын айтымында, мындай биргелешкен аткаруулар көчмөн элдердин музыкалык салттарынын байлыгын көрсөтүүгө жана маданий алмашуу үчүн аянтча түзүүгө мүмкүндүк берет.