Бишкекте Көчмөндөр оюндарынын маданий программасы тааныштырылууда

Көчмөндөр оюндары-2026 211 12 Август 2026 11:40
WhatsApp_Image_Cc8WhtK.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Бишкекте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасын тааныштырууда.

Жолугушууда министр маданий программанын концепциясы, максаттары жана негизги багыттары тууралуу айтып, иш-чаралар өтө турган жайлар жана пландалган иш-чаралар менен тааныштырды.

Анын айтымында, маданий программа көчмөн цивилизациясынын тарыхын, анын руханий жана материалдык мурастарын, салттуу маданиятын, искусствосун, музыкасын жана кол өнөрчүлүгүн заманбап форматта кеңири таанытууга багытталган.

WhatsApp_Image_Lb73LmM.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Иш-чарага Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын башкы режиссёру Алтынбек Максүтов, программанын координаторлору, тарыхчылар, этнографтар, окумуштуулар, коомдук жана маданий ишмерлер, ардагерлер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, блогерлер жана чыгармачыл топтун мүчөлөрү катышууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө тарыхчылар жана этнографтар маданий программанын мазмуну менен таанышып, анын тарыхый жана этнографиялык жактан тактыгы боюнча эксперттик пикирлерин жана сунуштарын билдиришти.

Ошондой эле тарыхый жана маданий мурастарды туура жана мазмундуу чечмелөө маселесине өзгөчө көңүл бурулду.