Жаз келди. Бишкекте көчөлөр менен аялдамалар жууп-тазаланууда

Коом 2065 10 Март 2025 18:14
482265379_1075115861330934_5276354722646612243_n.jpg
483485380_1075115971330923_248513393132673918_n.jpg
483366989_1075116021330918_8057965757263805737_n.jpg
483486010_1075115894664264_8405204644345766547_n.jpg
483523547_1075115847997602_7630759199509325551_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 10.03.25. /Кабар/. Борбор калаада аба ырайынын жылышы менен “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жолдорду, жолдун жээгиндеги тосмолорду жана аялдамаларды жууп баштады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө Октябрь районунда Абдрахманов көчөсүн бойлой Чүй проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин, Ахунбаев көчөсүн бойлой Манас проспектисинен 7-Апрель көчөсүнө чейин жууп-тазаланды.

Ал эми Свердлов районунда Жибек-Жолу проспектиси, Абдрахманов көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин жуулду.

Ошондой эле Биринчи май жана Ленин райондорунда Манас проспектисин бойлой Жибек-Жолу проспектисинен Ормон хандын эстелигине чейин (Ажыбек баатыр көчөсү) жууп-тазалоо иштери жүргүзүлдү.