Бишкек, 23.02.26. /Кабар/. Эртең, 24-февралда Бишкек шаарында дебитордук карызы бар 6 миңден ашык абоненттин электр жарыгы аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасы билдирди.
Ишкана абоненттерди ыңгайсыздыктарга кабылбоо үчүн электр энергиясына болгон эсептерди өз убагында төлөөгө чакырат.
Өздүк эсепти ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" рубрикасынан онлайн текшерүүгө болот.
Мындан тышкары, тиричилик абоненттери балансын Play Market жана AppStore аркылуу "Менин жарыгым" мобилдик тиркемесин жүктөп алып биле алышат.
Ошондой эле маалымат алуу үчүн күнү-түнү иштеген Колл-борборго 105 номери аркылуу, 0772/0556 00 12 09 мобилдик номерлерине же 0702 00 12 09 WhatsApp номерине билдирүү жазса болот.
Белгилей кетсек, электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү төмөнкүдөй жолдор менен реалдуу убакыт режиминде жүргүзүүгө болот:
- Төлөм терминалдары: Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, MegaCom, "О!", "Оңой";
- Электрондук капчыктар: Мбанк, "О!", "MegaPay", "UMAI", "Элсом";
- Банк кассалары: "РСК Банк", "Дос Кредо Банк", "Бакай Банк", "Кыргызстан" коммерциялык банкы, "Халык Банк", "КICВ Банк", "Оптима Банк";
- "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрү.