Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. Бишкекте электр энергиясына карызы бар 6 миңден ашуун абонент жарыксыз калышы мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-марттан тарта дебитордук карызы бар абоненттердин жарыгы аралыктан өчүрүлө баштайт.
Энергетиктер борбор калаанын тургундарын төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүүгө чакырат.
Ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн жеке эсептин абалын билүүгө болот.
Суроолор боюнча сутка бою иштеген 1209, 105 кыска номерлерине же WhatsApp аркылуу кайрылыңыз.