Бишкек кар менен алышууда: Түндөн тарта 95 техника иш алып барууда

Коом 387 23 Январь 2026 09:38
1769107888.jpg
1769107805.jpg
1769107808.jpg
1769107813.jpg
1769107825.jpg
1769107849.jpg
1769107853.jpg
1769107865.jpg
1769107868.jpg
1769107872.jpg
1769107875.jpg
1769107891.jpg
1769107918_large.jpeg
Алдыга
Артка
1769107888.jpg
1769107805.jpg
1769107808.jpg
1769107813.jpg
1769107825.jpg
1769107849.jpg
1769107853.jpg
1769107865.jpg
1769107868.jpg
1769107872.jpg
1769107875.jpg
1769107891.jpg
1769107918_large.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Бишкекте кар тазалоо иштери 23-январга караган түнү башталган. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Көчөлөрдү жана тротуарларды кардан тазалоого "Тазалык" муниципалдык ишканасынан 95 атайын техника тартылган. Анын ичинен:

  • 47 жол машиналары;
  • 3 фронталдык жүктөгүч;
  • 3 лапалуу жүктөгүч;
  • 3 универсалдуу коммуналдык машина;
  • тротуарларды тазалоо үчүн 34 трактор;
  • 5 даана Bobcat техникасы.

Мэр Айбек Жунушалиев ишкананын базасына барып, техника жана кызматкерлердин даярдыгын текшерди. Ал кызматкерлерге коопсуздук эрежелерин так сактоону эскертип, шаар көчөлөрүн жана тротуарларды активдүү тазалоону тапшырды.

"Тазалык" шаар тургундарын жолдордо этият болууга жана мүмкүн болушунча унааларды жол жээгине токтотпоого чакырат, анткени бул атайын техникалардын ишине тоскоолдук жаратышы мүмкүн.