Бишкекте кандай аба ырайы күтүлөт?

Коом Загрузка... 08 Апрель 2026 10:55
82567867_103303354548642_6533764375369482240_n.jpg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 08.04.26 /Кабар/. Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 8-апрелде түнкүсүн жана 8-9-апрелдерде күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Ал эми 10-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. 11-12-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.13-апрелде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. 14-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

8-апрель: түнкүсүн 11…13, күндүз 15…17

9-апрель: түнкүсүн 8…10, күндүз 14…16

10-апрель: түнкүсүн 6…8, күндүз 20…22

11-апрель: түнкүсүн 6…8, күндүз 20…22

12-апрель: түнкүсүн 6…8, күндүз 19…21

13-апрель: түнкүсүн 6…8, күндүз 18…20

14-апрель: түнкүсүн 6…8, күндүз 19…21