Бишкек, 31.12.25. /Кабар/. Бишкекте ЖЭБдин техникалык каналына түшүп кеткен “Тазалыктын” кызматкеринин дагы биринин сөөгү табылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, 30-декабрда каналга түшүп кеткен үч адамдын биринин сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Ал эми калган 59 жана 62 жаштагы эки адам изделип жаткан. Бүгүн издөө иштерине жалпы 150 адам тартылган.