Сак болуңуз! Тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн

Коом 30 сентябрь 2026 12:15
Сак болуңуз! Тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн

Бишкек, 30.09.26 /Кабар/. Өлкөнүн тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 1-2-октябрда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү жана ойдуң жерлерди суу каптоо коркунучу бар.

ӨКМ жарандарга арык системаларын тазалоо иштерин жүргүзүүнү сунуштайт.