Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Күн мурун, 21-июнда Бишкектеги Курманжан датканын эстелигинин алдында 12-эл аралык Йога күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, программанын алкагында йога боюнча инструктор көнүгүүлөрдүн комплексин көрсөтүп, ага каалоочулардын бардыгы катышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Иш-чара йога студияларынын өкүлдөрүн, коомдук уюмдарды жана ден соолугун чыңдоого, руханий жактан өнүгүүгө кызыккан шаар тургундарын бириктирди.
Иш-чараны Индиянын Кыргызстандагы элчилиги жана Бишкек шаарынын мэриясы уюштурду.
Йога - дене, акыл жана рухтун биримдигин символдоштурган байыркы индиялык практика. Ал ден соолукту чыңдоого, инсанды ар тараптуу өнүктүрүүгө көмөктөшүп, дүйнө жүзүндө кеңири жайылган.