Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулукту азайтуунун жолдору талкууланды

Коом Загрузка... 31 Март 2026 15:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 31.03.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан укук коргоо жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын катышуусунда ведомстволук аралык кеңешме өткөрүлдү.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, кеңешмеде үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту азайтуу жана аларга карата жасалган укук бузууларды болтурбоо маселелери каралды.

Катышуучулар тарабынан учурдагы абал талданып, укук бузуулардын себептери жана шарттары белгиленип, аларды жоюуга багытталган алдын алуу иш-чараларын күчөтүү, ведомстволор аралык аракеттенүүнү жакшыртуу, ошондой эле калк арасында түшүндүрүү иштерин активдештирүү боюнча сунуштар берилди.

Ошону менен катар, жашы жете электердин укуктарын коргоо, тобокелдик топтогу үй-бүлөлөр менен даректүү иш алып баруу, билим берүү жана социалдык кызматтардын ролун күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга конкреттүү тапшырмалар коюлуп, кабыл алынган чечимдердин аткарылышын камсыз кылуу жана бул багыттагы иштерди туруктуу көзөмөлгө алуу зарылдыгы белгиленди.