Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо чараларын күчөтүү маселеси талкууланды

Коом 17 июль 2025 11:55
518224445_1183636880472650_1019106299551340539_n.jpg
517428619_1183635857139419_2468593135242608434_n.jpg
518234460_1183637803805891_5602773745173681500_n.jpg
518252314_1183637583805913_1365375453669240837_n.jpg
Алдыга
Артка
518224445_1183636880472650_1019106299551340539_n.jpg
517428619_1183635857139419_2468593135242608434_n.jpg
518234460_1183637803805891_5602773745173681500_n.jpg
518252314_1183637583805913_1365375453669240837_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Эмгек министрлиги

Бишкек, 17.07.25 /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо маселесине арналган талкуу өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, талкууга эмгек министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова, өнөктөштөр жана бейөкмөт уюмдардын эксперттери катышты.

Анда үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттердин ишин күчөтүү маселеси каралды.

Коомдук негизде түзүлгөн бул туруктуу иш алып барган комитеттерге мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү (үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын субъекттери), жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирет.

Комитеттердин максаты — үй-бүлөлүк зомбулуктун, аялдардын, балдардын, улгайган жана аракетке жөндөмсүз жарандардын укуктарын бузуу фактыларынын алдын алуу боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташтыкты камсыз кылуу.

КР президентинин "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократияны кыскартуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен аялдарга жардам көрсөтүү системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, жергиликтүү деңгээлде иш алып барган органдардын функцияларын оптималдаштыруу жана мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара аракеттешүүсүн камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдар ортосунда үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча жергиликтүү комитеттердин ишин күчөтүү багытында жумушчу топ түзүү сунушталды.