Бишкек, 15.09.26. /Кабар/. А. Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында чакан формалардагы театрлардын XI "IMPULSE" эл аралык фестивалынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Мэриядан билдиришкендей, анда театралдаштырылган көркөм программа көрсөтүлдү.
Ошондой эле көрүүчүлөргө Эжен Ионесконун чыгармасынын негизинде Бишкек шаардык драма театры тарабынан коюлган "Отургучтар" спектакли тартууланды.
Фестивалдын жүрүшүндө көрүүчүлөр Кыргызстан, Казакстан, Молдова жана Россиядан келген театр жамааттарынын спектаклдерин көрө алышат.
Белгилей кетсек, фестиваль 14-сентябрдан 18-сентябрга чейин өтөт.