Бишкек, 16.10.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Рим шаарында Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондунун (IFAD) вице-президенти Донал Браун менен жолукту.
Бакыт Төрөбаев фондго Кыргызстандын агрардык секторунун өнүгүшүнө кошкон көп жылдык колдоосу жана олуттуу салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
«Биз IFAD менен болгон стратегиялык өнөктөштүктү жогору баалайбыз. Дал ушул кызматташтыктын аркасында дыйкандардын кирешесин жогорулатууга, азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого жана айыл жерлеринин туруктуу өнүгүшүнө багытталган демилгелер ишке ашырылып жатат», — деди Бакыт Төрөбаев.
Анын айтымында, 2009-жылдан бери IFADдын колдоосу менен Кыргызстанда бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылып, жайыттарды жергиликтүү коомчулуктун деңгээлинде башкаруу системасы түзүлдү, ветеринардык кызматтын потенциалы бекемделди, 3 миңден ашуун айылдык үй-бүлө колдоого алынды, кооперативдер өнүккөн жана агроөндүрүш тармагына инновациялык технологиялар киргизилди. IFADдын Кыргызстан экономикасына салган жалпы инвестиция көлөмү 120 млн АКШ долларынан ашат.
Жолугушууда ошондой эле IFAD тарабынан каржыланган 21 млн долларлык бюджетке ээ “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү – III” жаңы долбоорунун ишке ашырылышы жана IFAD-14 каржылоо циклинин алкагында анын кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Кыргыз тарап бул долбоорду тез арада макулдашууга жана 2025-жылдын декабрында IFAD`дын директорлор кеңешинин кароосуна чыгарууга кызыктар экенин билдирди.
Жолугушуунун негизги маселелеринин бири — IFAD`дын расмий өкүлчүлүгүн Бишкек шаарында ачуу мүмкүнчүлүгүн кароо болду. Бул кадам долбоорлорду жеринде коштоп жүргүзүүнүн жана өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун бир топ жогорулатмак.
Өз кезегинде мырза Донал Браун көп жылдык кызматташтыктын жыйынтыктары оң экенин белгилеп, мындан ары да Кыргызстан менен өнөктөштүктү кеңейтүүгө ишеним артарын билдирди.
«Кыргызстан IFAD үчүн Борбор Азиядагы маанилүү өнөктөш болуп саналат. Биз айыл аймактарынын туруктуу өнүгүшүнө жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган демилгелерди мындан ары да колдоого даярбыз», — деп баса белгиледи ал.