Бишкекте “Горизонт Европа” программасы тууралуу маалыматтык семинар өтүүдө

Коом Загрузка... 22 Январь 2026 15:32
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 22.01.26 /Кабар/. Бишкек шаарында Европа биримдигинин “Горизонт Европа” программасы тууралуу маалыматтык семинар өтүүдө.

Ага Улуттук илимдер академиясынын, жогорку окуу жайларынын жана илимий институттардын окумуштуулары, жаш изилдөөчүлөр жана жалпы илимий коомчулуктун өкүлдөрү катышууда.

Семинардын максаты - кыргызстандык окумуштуулар менен изилдөөчүлөрдүн жогоруда аталган программанын демилгелерине катышуусун жогорулатуу.

Иш-чарада программанын улуттук координатору, Улуттук тарых музейинин директору Жылдыз Бакашева демилгенин Кыргызстан үчүн маанилүүлүгүн белгилеп, “Евробиримдиктин бул колдоосу менен биз илимге жардам бере алабыз. Андыктан, баарыңыздарды программага катышууга чакырам. Маалыматтык колдоолор үчүн “Горизонт Европа” программасынын өкүлдөрүнө терең ыраазычылык билдиребиз”,-деди.

Катышуучуларга төмөнкүдөй маалыматтар берилүүдө:

  • программанын негизги багыттары;
  • алдыда боло турган конкурстар тууралуу маалымат;
  • кимдер жана кандай шарттар менен катыша ала турганы;
  • кайсы темаларга артыкчылык берилери;
  • чет өлкөлүк өнөктөштөрдү кантип табууга болору;
  • долбоорлорду ишке ашыруудагы каржылык жана уюштуруу маселелери;
  • Кыргызстандын илимий чөйрөсү менен ЕБге мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташуунун келечеги.

Семинар “Европа горизонту” программасы боюнча Улуттук координациялык борбору тарабынан Европа комиссиясынын Global Service Facility (GSF) түзүмү менен биргеликте уюштурулууда.

Белгилей кетсек, “Европа горизонту” (“Horizon Europe”) — илим-изилдөө жана инновациялар жаатындагы Европалык Биримдиктин негизги программасы болуп, эл аралык илимий-технологиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана өнөктөш өлкөлөрдүн илимий потенциалын чыңдоого багытталган.

Программа саламаттык сактоо, санарип экономика, энергетика, климат жана азык-түлүк тармагындагы долбоорлорго каржылык колдоо көрсөтөт.

Быйылкы жылдагы негизи миссиялары:

  • климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялануу;
  • рак оорусуна каршы күрөшүү;
  • океан менен сууларды калыбына келтирүү;
  • 2030-жылга карата 100 климаттык жактан нейтралдуу жана акылдуу шаарларды түзүү;
  • топурактын саламаттыгы жана азык-түлүк коопсуздугу.