Бишкек, 25.11.25 /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Улуттук тарых музейинде Эл аралык зомбулукту жоюу күнүнө карата жыл сайын өтүүчү "Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк" эл аралык өнөктүгү башталды.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, быйыл өнөктүк Пекин декларациясынын жана иш-аракеттер платформасынын 30 жылдыгынын алкагында "Аялдарга карата зомбулукту токтотуу үчүн биригүү" деген жалпы ураан астында өткөрүлүүдө. Өнөктүк 10-декабрга, Эл аралык адам укуктары күнүнө чейин уланат.
Иш-чараны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве ачышты. Ошондой эле иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун, жеке сектордун, медиа коомчулуктун өкүлдөрү, жана Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева катышты.
Ачылыш аземинде "Коркуусуз санариптик эркиндик: ар бир адам үчүн коопсуздук!" аттуу панелдик талкуу өттү. Талкууда санариптик зомбулук көрүнүшүн талкуулоо, мыйзам чыгаруудагы жана практикалык кемчиликтерди аныктоо, ошондой эле көп тармактуу жооп чараларын иштеп чыгуу каралды.
Өнөктүк бир катар маалыматтык жана билим берүү иш-чараларын камтыйт. Аларга "Аялдардын тең укуктары жана коопсуздугу" Улуттук диалогуна катышуу, тематикалык жолугушуулар, ири соода борборлорундагы флешмобдор, социалдык кызматкерлер үчүн окутуу семинарлары, ата-энелер жана мугалимдер менен жолугушуулар, мектептердеги класстык сааттар, ошондой эле аялдар жана кыздар үчүн акысыз медициналык кароо жана аялуу топторго жардам берүү кирет.