Бишкекте Гагарин-Иманалиев көчөлөрүнүн кесилишинде спорттук аянтча ачылды

Коом 15 октябрь 2025 17:20
1a246df2-886c-4ce8-a298-68a1cfd00e96.jpg
e3fbfdd8-1d32-47a9-b573-2ba52f5e387e.jpg
4396695c-e6fc-4ed5-a565-d5e1b71dfeca.jpg
a3332354-ae12-4ed5-a929-be41a5032996.jpg
ec3e6d9b-7d4c-4573-b612-9aaa357af67f.jpg
Алдыга
Артка
1a246df2-886c-4ce8-a298-68a1cfd00e96.jpg
e3fbfdd8-1d32-47a9-b573-2ba52f5e387e.jpg
4396695c-e6fc-4ed5-a565-d5e1b71dfeca.jpg
a3332354-ae12-4ed5-a929-be41a5032996.jpg
ec3e6d9b-7d4c-4573-b612-9aaa357af67f.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 15.10.25 /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарындагы Гагарин жана Иманалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы спорттук аянтча ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Муниципалитеттен маалымдашкандай, эми “Ак-Ордо-2”, “Ак-Ордо-3” жана “Ала-Тоо-3” (“Эркин-Тоо”) конуштарында жашаган 20 миңден ашык тургун спорт менен машыгууга, активдүү эс алууга жана коомдук иш-чараларга активдүү катышууга мүмкүнчүлүк алган заманбап жайга ээ болушту.

Долбоордун жалпы наркы 12,6 млн сомду түздү. Анын ичинен 8,2 млн сом Швейцария тарабынан, ал эми 4,4 млн сомун Бишкек шаарынын мэриясы каржылады.

Белгиленгендей, Швейцария 2022-жылы “Аракет” долбоорун баштап, жаңы конуштардагы жашоочулардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган иш-аракеттерди колго алган. Бүгүнкү күндө долбоорго ылайык, 11 жаңы конушту – Бишкекте 7 жана Ошто 4 жаңы конушту камтыган.