Бишкекте эттин бааларына көзөмөл жүргүзүү боюнча рейд өттү

Коом 31 октября 2025 17:54
573272594_1584616056252890_3136530572345397482_n.jpg
573262299_1584616062919556_7311872306713399323_n.jpg
573292143_1584616066252889_5185756138709041746_n.jpg
574330058_1584616052919557_351324454663400650_n.jpg
574539606_1584616059586223_8223835055546084100_n.jpg
574572975_1584616049586224_4315770006802603915_n.jpg
574575225_1584616072919555_5170908083735038419_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 31.10.25. /Кабар/. Бүгүн, 31-октябрда Октябрь райондук администрациясынын кызматкерлери Монополияга каршы күрөшүү кызматы, №403 муниципалдык аймактык башкармалыгы, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы жана тиешелүү башка кызматтар менен биргеликте Орто-Сай базарында эт бааларына көзөмөл жүргүзүү боюнча кезектеги рейд өткөрүштү.

Мэриядан билдиришкендей, 11-августтан тарта өлкө аймагында уй жана кой этинин баасына 90 күнгө убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Анда уй жана кой этинин (сөөксүз эттен тышкары) чекене баасынын жогорку чеги 1 килограммына 680 сом өлчөмүндө белгиленген.

Рейддин жүрүшүндө эттин баалары текшерилип, сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Буга чейин текшерүүнүн жыйынтыгында баа эрежесин бузган эки учур аныкталып, жалпы 26 миң сом өлчөмүндө протоколдор түзүлгөн.

Сатуучуларга баага киргизилген убактылуу жөнгө салуу талаптарын так сактоо милдеттүү экени дагы бир жолу түшүндүрүлдү.

Жарандар эт бааларынын мыйзамсыз жогорулаганын байкаган учурда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына кайрылса болот:

Байланыш телефону – 0312 56 31 97,
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо бөлүмү – 0312 564610.