Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Бишкек шаарында эртең, 3-марттан тартып жаңы №62 автобустук каттам ишке кирет. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул каттам Киркомстром конушунан Аламүдүн-1 кичи районуна чейин созулуп, электробустар менен тейленет.
Каттамдын негизги багыты:
- Б. Алыкулов көчөсү;
- Л. Толстой көчөсү;
- Ауэзов көчөсү.
Белгиленгендей, бул чечим шаардык транспорт системасын оптималдаштыруунун алкагында кабыл алынды. Эскерте кетсек, буга чейин №35, №45, №61 жана №51 каттамдарынын багыттары да ушул максатта өзгөртүлгөн.
"Каттамдардын кыймыл чиймелери этап-этабы менен жаңыланууда. Бул чаралар шаар борборундагы жол тыгындарын азайтууга багытталган. Алдыда дээрлик бардык каттамдардын багыттары өзгөртүлүп, альтернативдүү көчөлөр пайдаланылат", — деп айтылат маалыматта.