Бишкек, 17.10.26. /Кабар/. Эртең, 18-октябрда Бишкек шаарындагы «Бишкек Арена» стадионунда дүйнөлүк жылдыз Шакиранын катышуусунда концерт өтөт.
Аталган иш-чарага байланыштуу шаарга көптөгөн коноктордун жана чет өлкөлүк туристтердин келиши күтүлүүдө.
Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 18-октябрда саат 07:00дөн тартып «Бишкек Арена» стадионуна жакын жайгашкан айрым көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Тактап айтканда, төмөнкү көчөлөрдүн бөлүктөрү жабылат:
- Аалы Токомбаев көчөсү — Масалиев көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин;
- Муромская көчөсү — Алыкулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;
- Эртайлак көчөсү— Масалиев көчөсүнөн Муромская көчөсүнө чейин;
- Күйүков көчөсү — Масалиев көчөсүнөн Муромская көчөсүнө чейин.
Концертке билети бар жарандар үчүн стадионго жетүүнү жеңилдетүү максатында шаардын жети жеринен атайын шаттл-автобустардын каттамы уюштурулган.