Бишкекте “Эрезе” көркөм тасмасынын бет ачары өттү

Маданият Загрузка... 13 Июль 2026 09:45

Бишкек, 13.07.26 /Кабар/. 11-июлда борбор калаадагы "Ала-Тоо" кинотеатрында "Эрезе" аттуу көркөм тасманын бет ачар аземи болуп өттү.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, маданият жана кино тармагынын өкүлдөрү, чыгармачыл чөйрөнүн мүчөлөрү, ошондой эле жалпы көрүүчүлөр катышты.

"Эрезе" тасмасы "Кыргызсериал" мамлекеттик мекемеси тарабынан тартылган.

Тасманын сценарийинин автору жана режиссёру Наргиза Дотиева, продюсерлик милдетти Гүлнара Касмамбетова аркалаган.

Долбоор англиялык өнөктөштөр менен кызматташтыкта ишке ашырылган. Анын алкагында кыргызстандык жаш кинематографисттер эл аралык адистер менен биргелешип иштеп, чыгармачылык тажрыйбасын арттырууга мүмкүнчүлүк алышкан.