Бишкек, 16.02.26 /Кабар/. Бишкекте 16-февралда оор турмуштук кырдаалга кабылган балдары бар аялдарды колдоого багытталган экинчи “Эне үйү” (“Дом мамы”) ресурстук борборунун ачылышы болуп өттү.
Борбор убактылуу жашоо, психологиялык, юридикалык жана социалдык жардам көрсөтүү менен бирге документтерди калыбына келтирүүгө жана энелерди жумушка орноштурууга көмөктөшөт.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин, Акыйкатчы институтунун, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, эл аралык уюмдардын, бизнес-коомчулуктун жана ЖМКлардын өкүлдөрү катышты.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Айнура Орозбаева борбордун ачылышы аялдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоо тутумун чыңдоодогу маанилүү кадам экенин белгиледи.
“Бүгүнкү иш-чара – оор турмуштук кырдаалга кабылган аялдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоо тутумун чыңдоо жолундагы маанилүү кадам. Борбор ар бир аял жардам жана өзүнө болгон ишенимди ала турган колдоо, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн мейкиндиги болуп калат”, - деди ал.
Долбоордун өкүлдөрүнүн айтымында, борбор үй-бүлөдөгү кризистик мезгилде үй-бүлөнү сактап калууга жана жаңы төрөлгөн балдардан баш тартууну алдын алууга шарт түзөт.
“Нурзаман” коомдук фондунун жетекчиси Кудурет Каарыев долбоорду колдоону улантуу ниетин билдирди.
“Биз реалдуу өзгөрүүлөр болушу үчүн системалуу түрдө жардам бере турган багытты издегенбиз. Долбоор чынында эле натыйжалуу жана биз аны бүткүл Кыргызстан боюнча жайылтууну пландап жатабыз”, - деп белгиледи ал.
“Эне үйү” эл аралык фондунун аткаруучу директору Тимур Телеужанов жаңы борбор балдардын жана үй-бүлөлөрдүн келечегине жасалган узак мөөнөттүү инвестиция экенин баса белгиледи.
Өз кезегинде Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы бул борбордун ачылышы оор турмуштук кырдаалга кабылган балдары бар аялдарды колдоого багытталган системалуу кадам экенин белгиледи.
“Ар бир эненин жүрөгүндө үмүттү сактап калуу – бул бир баланын келечегин сактап калуу дегенди билдирет. Ал эми сакталып калган ар бир балалык – бул мамлекеттин бекем пайдубалы”, - деди ал.
Жылдыз Таалайбек кызы Жогорку Кеңеш мындай демилгелерди ар тараптуу колдоого даяр экенин кошумчалады.
“Биз борбордогу аялдар туш болгон көйгөйлөргө биргелешип мониторинг жүргүзүүгө жана алардын мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын бардык деңгээлде коргоого даярбыз. Ар бир эне өзүн жалгыз сезбеген, ал эми ар бир бала коопсуз жана камкор чөйрөдө чоңойгон коомду куруу – бул биздин жалпы милдетибиз”, - деп баса белгиледи ал.