Бишкекте эми дизайн-код боюнча иретке келтирүүнүн экинчи этабы башталат

Коом 22 октябрь 2025 10:35
565733982_1324316829167363_4785943048824827996_n.jpg
515506668_1324316782500701_4932733830911698856_n.jpg
568319480_1324316645834048_7537439161623140016_n.jpg
565170013_1324316959167350_3282168721656723908_n.jpg
565743926_1324316892500690_1613491131610769380_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 22.10.25./Кабар/. Бишкекте эми дизайн-код боюнча иретке келтирүүнүн экинчи этабы башталат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкармалыгы “Бишкек шаарынын дизайн-коду” эрежелерин ишке ашыруунун алкагында турак жайлардын фасаддарына текшерүү жүргүзүп жатат.

Дизайн-кодду ишке ашыруунун экинчи этабынын алкагында турак жай батирлеринин сырттагы кондиционер блоктору, фасаддарга жайгаштырылган интернет жана электр зымдары, өз алдынча айнектелген балкондор, уруксатсыз орнотулган кошумча конструкциялар боюнча иретке келтирүү иштери жүрөт.

Министрликтен белгилешкендей, дизайн-код боюнча интернет зымдары сыртка чыкпай иреттүү жайгаштырылып, кондиционерлер терезенин жанына орнотулушу керек. Ал эми балкондорго кошумча курулуш жүргүзүлбөшү шарт.