Бишкекте электр жоготууларын 80%га чейин азайтуу пландалууда

Коом 301 25 Май 2026 10:30
706257486_976131928345116_9143684817762693893_n.jpg
706257175_976131918345117_5184267640862556860_n.jpg
706377286_976131698345139_7897239482066054535_n.jpg
706417707_976131871678455_1029702054750204323_n.jpg
706506327_976131935011782_1081365036288407009_n.jpg
707022934_976131688345140_4301457119115659564_n.jpg
707137407_976131865011789_445159722693557408_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 25.05.26 /Кабар/. Бишкек шаарында 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында электр тармактарын масштабдуу модернизациялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек электр тармактар ишканасы тарабынан пландалган бардык курулуш-монтаждоо жана оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын ноябрь айына чейин толугу менен бүтөт.

2026-жылы шаар боюнча 38 кошумча трансформатор жана 278 темир-бетон мамысы орнотулат. Эскирген 31 комплекттүү трансформатордук көмөк чордонунун (КТП) шкафтары заманбап үлгүгө алмаштырылат. Ошондой эле ишкананын балансындагы бардык 2 248 трансформатор жыл аягына чейин техникалык кароодон жана оңдоодон өтөт.

РЭТтер боюнча трансформаторлорду жаңылоо планы:

  • Чыгыш РЭТ: 113 трансформаторду оңдоо жана 25 жаңысын орнотуу;
  • Түндүк РЭТ: 85 трансформаторду оңдоо жана 10 жаңысын орнотуу;
  • Батыш РЭТ: 100 трансформаторду оңдоо жана 3 жаңысын орнотуу.
"Бул иштердин аркасында шаарда электр энергиясынын жоготууларын 80%га чейин азайтуу жана электр менен камсыздоонун сапатын 90%га чейин жакшыртуу күтүлүүдө. Бул кышкы чилдеде ашыкча жүктөмдөрдү кыскартууга жана жаңы абоненттерди кошууга шарт түзөт", - деп айтылат маалыматта.