Бишкек, 17.10.25 /Кабар/. Бишкек шаарында санариптик чөйрөдө жасалган кылмыштарды иликтөөдө электрондук далилдер институтун улуттук мыйзамдарга имплементациялоо маселелерине арналган эксперттик жыйын өттү.
Юстиция министрлигинен билдиришкендей, иш-чара Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ), Европа биримдиги жана БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (UNODC) JUST4ALL долбоорунун колдоосу менен биргеликте уюштурулду.
Ага юстиция министрлигинин орун басары Искендер Сыдыгалиев, Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Ленхард, Борбор Азиядагы Нидерланд Падышалыгынын элчилигинин өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жана эксперттик чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышышты.
Жыйындын ачылышында Искендер Сыдыгалиев сөз сүйлөп, активдүү санариптештирүү жана киберкоопсуздук коркунучтарынын өсүшү шартында электрондук далилдер институтун киргизүү маселеси – адилеттик тармагындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи.
Маалымат үчүн: Юстиция министрлигинин буйругу менен санариптик далилдерге юридикалык күч берүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.