Бишкекте эки күн айыл чарба жарманкеси өтөт

Коом Загрузка... 21 Ноябрь 2025 14:08
2024-04-26_18-34-52_dPzw9Dt.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 21.11.25. /Кабар/. Бишкекте 22-23-ноябрда азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарманкенин максаты баалардын өсүү темпин токтотуу, калктын социалдык аярлуу катмарына тамак-аш азыктарын жеткиликтүү кылуу, ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана ички рынокту туруктуу камсыздоо болуп саналат.

Жарманке Т. Усубалиев атындагы аянтта, ошондой эле И. Раззаков жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишинде, Эркиндик бульварында (Биринчи май району) уюштурулат.

Белгиленгендей, аталган жарманке 2026-жылдын июнь айына чейин ар ишемби жана жекшемби күндөрү өткөрүлүп турат. Анда социалдык маанилүү азык-түлүк продукцияларын сунуштаган жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн, дыйкандардын жана кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өткөрүлөт.

Катышуучуларга талаптар:

  • продукция сапаттуу жана таза болушу керек;
  • баалар базардан төмөн болушу зарыл;
  • райондук агрардык башкармалыктан тастыктоочу кат болушу керек.

Кошумча маалымат жана суроолор үчүн: (0312) 66-14-22, 0702 70 20 00 номерлерине кайрылыңыз.