Бишкекте эки акча алмаштыруучу жайга айып салынды

Экономика Загрузка... 10 Февраль 2026 09:30
57-1-scaled-1.730x0.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. Бишкекте эки акча алмаштыруучу жайдын ар бирине 55 миң сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айып пул мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн салынган.