Бишкек, 10.11.25. /Кабар/. Бишкек шаарында келип чыгышын тастыктаган баштапкы документтери жок уюлдук телефондор жана башка түзүлүштөр сакталган кампа аныкталды.
Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, кампанын имаратын текшерүү учурунда баштапкы документтери жок 487 даана уюлдук телефон, 1 929 куту зымсыз гарнитура, 408 даана зым жана кабелдер, 9 даана планшет табылды.
Аталган товарлар боюнча тиешелүү актылар түзүлдү. Учурда Салык кызматкерлери бул товарлардын келип чыгышын аныктоо боюнча иш алып барышууда, тактап айтканда, өлкө аймагына мыйзамсыз импорттоонун белгилери бар же жок экендигин текшерүүдө.