Бишкекте дипломатиялык кайрымдуулук жарманкеси өттү – сүрөт

Коом 15 июнь 2026 12:10
a9043189-1628-3e30-a4ca-a3ec8d0ef22b.jpeg
1e89fc38-7f91-3158-a67e-79407dc73ebe.jpeg
2f399bd4-6490-377b-9fd7-8da4f8be08c8.jpeg
3eca331a-6a50-35e4-9d64-8ceb72556553.jpeg
4df03a40-44b4-3db7-a0c7-25bee2d914ef.jpeg
92c2a5e7-be5b-3d5b-8cc7-b7ea86c389c7 (1).jpeg
92c2a5e7-be5b-3d5b-8cc7-b7ea86c389c7.jpeg
708c2fb7-3274-35ae-ad8b-c0fd881732e4.jpeg
14518e6a-5979-301a-a159-15f124679ba3.jpeg
76740d30-2cc7-34b7-871b-052573f070b6.jpeg
0084141b-0a29-30f3-9f0f-e9e5fa30a441.jpeg
a7cdc17d-a8d7-3ee3-9551-f2d6f6dbe52d.jpeg
c9a48601-5bba-347f-b090-8d15ba8d9142.jpeg
c1207c7c-414b-30cf-a8e8-83091ab031be.jpeg
f4ac8b24-ce1d-32fb-80f8-f38ebf9e881e.jpeg
f64bc144-bd3d-3eed-a83f-5265ea1ca9d0.jpeg
f433e751-9873-36ab-8816-353cc91b0eb0.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon ТИМ

Бишкек, 15.06.26. /Кабар/. 13-июнда Бишкектеги "Ынтымак-2" паркында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган дипломатиялык кайрымдуулук жарманкеси өттү. Иш-чара Тышкы иштер министрлиги тарабынан уюштурулган.

Ведомстводон маалымдашкандай, ага ТИМдин жетекчилиги, Кыргызстанда катталган чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары жана өкүлдөрү катышты.

Жарманкенин коноктору дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнүн улуттук тамак-аштарынан даам татышты. Ошондой эле кол өнөрчүлөрдүн эмгектери, өзгөчө белектер жана катышуучу өлкөлөрдүн маданий көп түрдүүлүгүн чагылдырган башка экспонаттар келгендердин кызыгуусун жаратты.

Коноктор үчүн кыргыз эстрадасынын өкүлдөрү, чет элдик аткаруучулар жана балдардын чыгармачылык жамааттарынын жаш таланттары катышкан мазмундуу концерттик программа тартууланып, дүйнө элдеринин музыкалык жана бий өнөрү көрсөтүлдү.

Жыл сайын өткөрүлүп келген дипломатиялык кайрымдуулук жарманкеси достук мамилелерди чыңдоого жана маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн маанилүү аянтча болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө чогулган бардык каражаттар Кыргызстандагы балдар үйлөрүнө жардам көрсөтүүгө багытталат.