Бишкекте Дэн Сяопин жана Интергельпо көчөлөрүнүн кесилиши жабылат. Себеби

Коом Загрузка... 16 Март 2026 19:23
1757046998_large.2e16d0ba.fill-1200x630.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 16.03.26. /Кабар/. Бишкектеги Дэн Сяопин проспекти менен Интергельпо көчөсүнүн кесилиши убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Аталган тилке жол оңдоо иштерине байланыштуу жабылат. Оңдоо иштери 17-марттан 19-мартка чейин уланат.

"Бул күндөрү Дэн Сяопин проспекти менен Интергельпо көчөсүнүн кесилиши унаалар үчүн толугу менен жабылат. Интергельпо көчөсүнүн батыш тарабы да толук жабылат, ал эми чыгыш тарабы убактылуу бир тараптуу кыймыл режиминде иштейт", — деп айтылат маалыматта.