Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрү менен АКШнын "B5+1" бизнес форуму өтөт

Коом Загрузка... 28 Январь 2026 16:11
США-ЦА.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 28.01.26. /Кабар/. 4-5-февралда Бишкек шаарында Борбор Азия өлкөлөрү менен Америка Кошмо Штаттарынын "B5+1" бизнес форуму өтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Бизнес форум Эл аралык жеке ишкердик борбору (CIPE) менен биргеликте министрлер кабинети тарабынан уюштурулууда.

Белгиленгендей, B5+1 форуму Борбор Азия – АКШ дипломатиялык форматынын алкагындагы негизги бизнес-платформа болуп саналат.

Форумга Борбор Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы аймактык диалогду өнүктүрүүгө кызыкдар болгон жеке сектордун, бизнес-ассоциациялардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү чакырылат.