Бишкекте Борбор Азия киберюридикалык форуму өтүүдө

Коом 10 декабрь 2025 11:12
WhatsApp_Image_EvNUoT8.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_kNsn6QT.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_sxxgcLK.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Бишкек, 10.12.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Борбор Азия киберюридикалык форуму өтүүдө.

Иш-чарага санариптик өнүктүрүү жана инновация министри Азамат Жамангулов, Башкы прокуратуранын өкүлдөрү, экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов, юристтер жана стартапчылар катышууда.

Форумдун максаты:

  • санариптик доордо укуктук системада болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн жалпы көрүнүшүн түзүү;
  • юристтердин, судьялардын, академиктердин жана укук системасынын башка катышуучуларынын алдында турган негизги көйгөйлөрдү талкуулоо;
  • жаңы технологияларды жана санариптик инновацияларды укуктук жөнгө салуу үчүн чечимдерди табуу;
  • билимдин жана юридикалык илимдин өзүнчө тармагы катары санариптик укуктун өнүгүшүнө дем берүү;
  • мыйзамдарды жана укук колдонуу практикасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды берүү.