Бишкекте “Bishkek Travel Fest” жаштар туризм фестивалы өттү

Коом 522 12 Октябрь 2025 18:42
2cd5a6ef-8325-445f-a58b-cfaf227248a0.jpeg
29cfb2f5-46b3-4d78-8489-416d21f0451e.jpeg
ad129c30-1567-4e6d-872a-47a144550561.jpeg
3cf4b5a9-a193-43ff-ae07-22bd117c804f.jpeg
96bf4475-b436-4523-bce5-4ac76cce5aec.jpeg
b453a823-ba0d-45fe-817f-ea1233c76427.jpeg
8a996aa1-3efe-4619-9aec-f60ff9701465.jpeg
fe968f23-6f94-4d86-ba4f-77d01c8476cd.jpeg
9113ebe0-68b1-4cef-b3cf-dbb51e73626e.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon KABAR Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.10.25 /Кабар/. Бүгүн борбор калаадагы Ынтымак сейил багында “Bishkek Travel Fest” аттуу жаштар туризм фестивалы өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, бир катар туристтик агенттиктеодин өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Мэр Айбек Жунушалиев өз сөзүндө бул фестиваль дүйнөлүк туризм күнүнө карата уюштурулганын жана ал өлкөдө алгачкы жолу белгиленип жатканын белгиледи.

“Бул жөн гана саякат майрамы эмес, бул жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн майрамы. Мындай иш-чаралар көбөйө берсин. Жаштар активдүү катышып турсун. Майрамыңыздар менен!”, – деди ал.

Фестивалдын максаты – жаштарды туризм тармагына кызыктыруу жана алардын спорттогу жетишкендиктерин көрсөтүү аркылуу дене тарбия менен активдүү алектенүүгө үндөө.

Иш-чаранын алкагында туризм агенттиктери жана мектептердин спорттук секциялары тарабынан атайын көргөзмөлөр уюштурулду.