Бишкекте бир күндө туура эмес токтотулган 64 унаа эвакуацияланды

Коом 14 ноябрь 2025 14:30
1763097053.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
1763097041.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
1763097046.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
1763097060.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
1763097071.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 14.11.25. /Кабар/. Бишкекте бир суткада 64 унаа мыйзамсыз токтотулгандыгы үчүн эвакуацияланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаарда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында "Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм" муниципалдык ишканасы башаламан токтогон унааларды эвакуациялоо боюнча рейд жүргүздү.

Анын алкагында бир күн ичинде атайын жол белгиси менен тыюу салынган жерлерге, таштанды челектердин алдына жана аялдамаларга токтогон 64 унаа эвакуацияланып, айып короо жайына киргизилди.