Бишкек, 19.03.26. /Кабар/. Быйыл Бишкек шаарында бир катар сейил бак жана гүлбакчалар реконструкцияланат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, реконструкциялоо иштери "Бишкек жашыл курулуш" ишканасы жана райондук администрациялар тарабынан жүргүзүлөт.
Ленин районунда:
- Чортеков көчөсүндөгү гүл бакча (Айни көчөсүнөн Чортеков гүл бакчасына чейин);
- Ж.Гвардия бульвары (Жибек Жолу проспектисинен Бөкөнбаев көчөсүнө чейин);
- Чапаев атындагы сейил багы;
- Сухомлинов гүл бакчасы (Журналисттер аллеясы);
- "Манас" кинотеатрынын алдындагы гүл бакча;
- Чүй облустук драма жана сатира театрынын жанындагы гүл бакча;
- Чапаев көчөсүндөгү гүл бакча.
Биринчи май районунда:
- Эмен багы;
- Эркиндик бульвары (азыркы учурда көрктөндүрүү иштери жүрүүдө);
- "Рыбки" фонтаны;
- "Слоники" сквери;
- Профсоюз көчөсүндөгү гүл бакча (П.Лумумба көчөсүнөн Каракум көчөсүнө чейин) (курулуш);
- Профсоюз жана Буурдин көчөлөрүнүн кесилишиндеги гүл бакча;
- Тоголок Молдо гүл бакчасы;
- №54 мектептин батыш тарабындагы гүл бакча (курулуш).
Свердлов районунда:
- "Кыргызстандын 40 жылдыгы" сейил багы;
- "Красный строитель" сейил багы;
- "Кожзавод" сейил багы;
- Гидростроительная көчөсүндөгү гүл бакча (курулуш);
- Жибек Жолу проспектиси менен Т.Айтматов көчөсүнүн кесилишиндеги гүл бакча (курулуш);
- Ак-Бата конушундагы сейил бак (курулуш);
- "Энергетиктер шаарчасы" аймагындагы сейил бак (курулуш);
- Чүй проспектиси жана ЧЧК боюндагы сейил бак (курулуш);
- Саадаев жана Кыргыз көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бак (мурунку "Дан" базарынын орду) (курулуш);
- Аламедин-1 кичи районундагы гүл бакча (курулуш);
- "Дордой" жана "Энесай" конуштарынын ортосундагы сейил бак (курулуш);
- Восточная айылындагы гүл бакча (курулуш).
Октябрь районуда:
- №12 кичи райондогу №30 жана №37 үйлөрдүн ортосундагы гүл бакча (курулуш);
- №8, №10, №6, №7, №3, №4, №5 кичи райондорундагы гүл бакчалар (курулуш);
- Көк-Жар конушундагы гүл бакча (курулуш);
- Анкара жана Ауэзов көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бак (курулуш);
- Тунгуч кичи районундагы гүл бакча (курулуш);
- Кырман конушундагы гүл бакча (курулуш).
Белгиленгендей, реконструкциянын алкагында жашыл аймактарды жаңылоо, тротуарларды оңдоо, жарыктандыруу жана эс алуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү каралган.