Бишкекте бир катар көчөлөрдүн аталышын өзгөртүү сунушталды - тизме

Коом Загрузка... 08 Декабрь 2025 17:15
photo-1627628593424.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 08.11.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы кайталанган аталыштарды жоюу максатында бир катар көчөлөрдүн аттарын өзгөртүү долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Документке ылайык, төмөнкү көчөлөрдүн аталыштарын өзгөртүү сунушталууда:

  • Михаила Фрунзе көчөсүн, Дэн Сяопин, Чүй, Шабдан баатыр проспектилерин — Чүй проспектиси;
  • 7-Апрель жана Курманжан датка көчөлөрүн — Курманжан датка көчөсү;
  • Жайыл баатыр жана Кайыков көчөлөрүн, Абсамат Масалиев жана Аалы Токомбаев проспектилерин — Токомбаев проспектиси;
  • Анварбек Чортеков жана Кривоносова көчөлөрүн — Абсамат Масалиев көчөсү;
  • Лев Толстой, Путепроводный жана Сары-Өзөн көчөлөрүн — Шабдан баатыр көчөсү;
  • Чыңгыз Айтматов проспектисин жана Манас көчөсүн — Чыңгыз Айтматов проспектисин;
  • Жаш Гвардия проспектисин жана Махатма Ганди көчөсүн — Иманалы Айдарбеков көчөсү;
  • Селекционный жана Муромский көчөлөрүн — Махатма Ганди көчөсү;
  • Юлиус Фучик көчөсүн жана Васильевский тракты — Манас көчөсү;
  • Жибек жолу жана Жеңиш көчөлөрүн — Жибек жолу проспектиси;
  • Максим Горький жана Анкара көчөлөрүн — Анкара көчөсү;
  • Чалагыз Иманкулов жана Карыбек Тыналиев көчөлөрүн — Тыналиев көчөсү;
  • Байтик баатыр, Жусуп Абдрахманов, Абдынасыр Элебесов жана Борбордук көчөлөрүн — Жусуп Абдрахманов көчөсү;
  • Береговый, Окраинный, Көк-Сай, Курманалиев жана Набережный көчөлөрүн — Дэн Сяопин көчөсү;
  • Исхак Раззаков (Новопавловка) и Асипа Темирова көчөлөрүн — Анварбек Чортеков көчөсү;
  • Виноградный көчөсүн — Лев Толстой көчөсү;
  • Николай Гоголь (Новопавловка) көчөсүн — Чалагыз Иманкулов көчөсүнө;
  • Ленский и Юбилейный көчөлөрүн — Жайыл баатыр көчөсү деп өзгөртүү сунушталууда.