Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Бишкекте бир катар инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев коллегияда билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылы Бишкекте 95 млн АКШ доллары көлөмүндө инвестиция менен таштандыны кайра иштетүүчү завод ишке берилди. Завод күнүнө 1 000 тонна таштандыны кайра иштетип, 30 МВт кубаттуулуктагы электр энергиясын өндүрөт, бул шаардын экологиялык жана энергетикалык коопсуздугуна чоң салым кошот.
Ошондой эле мэр Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен 120 электробус алынганын, долбоордун жалпы суммасы 59,55 млн АКШ долларын түзгөнүн белгиледи.
"Ошол эле учурда газ менен жүргөн 124 автобус, ал эми 2025-жылы экинчи этапта дагы 95 автобус алынды, долбоордун суммасы 33 млн евро болду", - деди ал.
Мындан тышкары, жыйында “Ак-Кула” ипподромунун аймагында комплекстүү имараттарды куруу боюнча чет элдик компания менен 300 млн АКШ доллардан ашык суммага келишим түзүлүп, жол куруу жана аймакты жашылдандыруу иштери жүрүп жатканы айтылды. Бишкек шаарынын канализациялык тазалоо жайларын модернизациялоо долбоору да 56 млн АКШ доллары көлөмүндө ишке ашырылууда.
“Инвест Кейжи Холдинг” компаниясы менен турак жай жана коммерциялык объектилерди куруу, реконструкциялоо жана долбоорлоо иштери жүргүзүлүп, анын алкагында “Тазалык” ишканасынын объектилери, апарт-отель жана коомдук-бизнес борбордун курулушу 2,6 млрд сомго бааланууда.
Экологиялык демилгелердин алкагында заманбап күнөскана жана откана курулары белгилүү болду. Мэриянын маалыматына караганда, анын жалпы аянты 48 гектарды түзөт. Долбоордун каржылоо көлөмү 1 млн АКШ долларын түзөт. Долбоор Бишкек шаарын жыл сайын сапаттуу көчөттөр менен камсыздоону карайт. Мында бактын 1 000 көчөтү, ошондой эле 800 миң бир жылдык гүлдүн көчөтүн алуу пландалууда.
Ошондой эле муниципалитет бир катар инвестициялык долбоорлор аркылуу турак жай комплексин курулуп жатканын кошумчалады.