Бүгүн Бишкекте башкы балатынын оту жанат, айрым көчөлөр жабылат

Коом 15 декабрь 2025 13:20
Бүгүн Бишкекте башкы балатынын оту жанат, айрым көчөлөр жабылат
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 15.12.25 /Кабар/. Бүгүн саат 18:30да Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысын жандыруу салтанаты өтөт. Буга байланыштуу жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизиле тургандыгын, Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматта белгиленгендей, майрамдык иш-чараны коопсуз жана тартиптүү өткөрүү жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн саат 15:00дөн тартып төмөнкү көчөлөрдө унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет:

  • Чүй проспектиси – Эркиндик бульвары;
  • Чүй проспектиси – Панфилов көчөсү.